18–19-июнь күндөрү Ош шаарында «Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштардын жашоо шартын жакшыртуу долбоорунун» алкагында «Мамлекеттик санариптик кызматтарды жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу аркылуу жарандардын социалдык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аталышындагы окуу-тренинг өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты жаңы конуштардын жашоочуларынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, мамлекеттик электрондук кызматтарды, мобилдик тиркемелерди жана жасалма интеллект инструменттерин күнүмдүк турмушта, билим алууда, жумушта жана ишкердикте натыйжалуу пайдалануу боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү болду.
Октууга Алай-1, Алай-2, Эдельвейс жаңы конуштарынын жаан Манас-Ата аймагындагы үй-бүлөлүк жатакана тургундары, кварталдык комитеттердин өкүлдөрү, үй башчылары, жарандык активисттер жана жаштар болуп, 60 адам катышты.
Тренинг эки күнгө бөлүнүп уюштурулуп, 18-июнда Алай-1 жана Алай-2 конуштарынын жашоочулары үчүн, ал эми 19-июнда Манас-Ата жана Эдельвейс аймагынын тургундары үчүн өткөрүлдү.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик санариптик кызматтарды пайдалануунун жолдору, мобилдик тиркемелердин мүмкүнчүлүктөрү жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу боюнча маалымат алышты. Ошондой эле алар санариптик инструменттерди практикалык түрдө колдонуп көрүп, маалыматтарды жана кызматтарды тез, ыңгайлуу жана жеткиликтүү алуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар санариптик технологияларды күнүмдүк турмушта, социалдык жана экономикалык маселелерди чечүүдө натыйжалуу колдонуу боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн бекемдеп, мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү өздөштүрүштү.










