2026-жылдын 23–24-июль күндөрү «Аракет» долбоорунун алкагында Алай-1, Алай-2 жана Эдельвейс жаңы конуштарынын экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө арналган эки күндүк практикалык тренинг өткөрүлдү.

Тренингге Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, Ош шаардык кеңешинин депутаттары жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлери катышты.

Эки күндүн ичинде катышуучулар ABCD (Asset-Based Community Development) ыкмасы, «Көйгөйлөр дарагы» жана SWOT-анализ инструменттеринин негизинде максаттуу аймактардын экономикалык потенциалын талдап чыгышты. Ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоо, инвестицияларды тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү механизмдери талкууланды.

Тренингдин жыйынтыгында Алай-1, Алай-2 жана Эдельвейс жаңы конуштары үчүн экономикалык демилгелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырыла турган алдын ала иш-чаралар планы даярдалды.