26–27-август күндөрү «Аракет» долбоорунун алкагында Медиа-мектептин экинчи этабы өткөрүлдү. Эки күндүк окуу «Санариптик чөйрөдө жек көрүү тилине каршы туруу жана тынчтык маданиятын жайылтуу» темасына арналды.
Катышуучулар жек көрүү тилинин түшүнүгү, түрлөрү жана белгилери, анын пайда болуу себептери жана коомго тийгизген кесепеттери тууралуу терең билим алышты. Ошондой эле медиа жана социалдык тармактардын коомдук пикирге тийгизген таасири, санариптик коопсуздук жана маалыматтык мейкиндикте жоопкерчиликтүү жүрүм-турум маселелери талкууланды.
Окутуу теория менен практиканы айкалыштырган форматта өтүп, катышуучулар реалдуу кейстерди талдап, практикалык тапшырмаларды аткарып, тынчтыкты, толеранттуулукту жана өз ара урматтоону жайылткан социалдык медиаконтентти иштеп чыгышты.
Медиа-мектептин үчүнчү этабында катышуучулар алган билим жана тажрыйбасын өз мектептериндеги теңтуштары менен бөлүшүп, коопсуз санариптик чөйрөнү жана тынчтык маданиятын жайылтууга өз салымын кошот.




