Анда МАБтардын ишмердигинин мыйзамдык жана уюштуруучулук негиздери, ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги каралып, мэрия, муниципалдык жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча практикалык кырдаалдар талданды.

Ошондой эле кызматтык милдеттерди бөлүштүрүү, штаттык түзүм, убакытты башкаруу жана иштерди пландоо маселелери талкууланды. Катышуучулар кичи топтордо иштеп, МАБтардын ишин жакшыртуу боюнча өз сунуштарын даярдашты.