12-ноябрда Ош шаарында «Аракет» долбоорунун алкагында «Спорт – Биримдиктин көпүрөсү» аталышындагы спорттук мелдеш өттү.

Мелдешке Манас-Ата үй-бүлөлүк жатаканаларынын, Алай-1, Алай-2 жана Эдельвейс жаңы конуштарынын тургундарынан түзүлгөн 8 команда катышты. Жалпысынан 48 спортчу волейбол боюнча аялдар жана эркектер категорияларында күч сынашты.

Оюндар кызыктуу жана атаандаштык маанайда өтүп, катышуучулар өз командаларынын намысын коргошту. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр кубок, медаль, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чара Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте уюштурулуп, тургундар арасында сергек жашоо образын жайылтууга, достукту жана ынтымакты бекемдөөгө багытталды.