2023-жылдын 6-майдан 8-майга чейин Манас-Ата кичи районунда, Алай-1, Алай-2, Эдельвейс конуштарында (дачаларда) “Менин конушум – таза конуш” урааны менен экологиялык акция өткөзүлөт. Бул акция швейцариялык “Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштарда жашаган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу” долбоорунун башталышына арналат.

Экологиялык ишембиликке жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, демилгелүү топтор, аталган аймактардын тургундары жана коомдук уюмдар катышат.

Акция жарандардын экологиялык маданиятын жогорулатууга, таштандыларды өзүнчө чогултуу маданиятын жайылтууга жана жамааттарда айлана-чөйрөгө болгон сый мамилени жайылтууга багытталган.

Бул акциянын алкагында долбоор тууралуу кыскача презентация, ошондой эле катышуучулар жана балдар үчүн интерактивдүү иш-чаралар, анын ичинде викториналар, сынактар жана спорттук оюндар пландаштырылган. Интерактивдүү иш-чаралардын жеңүүчүлөрүн байгелер жана белектер, ошондой эле катышуучулар даамдуу палоо даамдай алышат.

Бул иш-чара Швейцариянын “Кыргызстандагы жаңы конуштарда жашаган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу – Аракет” долбоорунун алкагында өтүп жатат. Долбоор Кыргызстанда «GFA Consulting Group» (Германия) уюму тарабынан жергиликтүү өнөктөштөр менен бирге ишке ашырылып, Ошто «Адам Укукуктары Эдвокаси Борбору» бейөкмөт уюмдардын ассоциациясы тарабынан уюштурулууда.

Баардык жарандарды ишембиликке катышууга жана сүйүктүү шаарыбыздын таза болушуна жардам берүүгө чакырабыз!

  • 6-май күнү саат 9:00 баштап Алай-1 жана Алай-2 участкаларында, ишембилик өтөт. Дарек: “Туран” Муниципалдык — аймактык башкаруу, Нагорная 5а көчөсү.
  • 7-майда саат 9:00 баштап Эдельвейс участкасындагы Горная поляна аймакта ишембилик өтөт.
  • 8-май күнү саат 9:00дөн баштап Манас-Ата кичи районунун У.Салиева №35 көчөсү дарегиндеги жатаканаларда ишембилик өткөрүлөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн: Сулейманов Султан менен байланышыңыз: +996773321817

———————

“АРАКЕТ” долбоору  жаңы конуштарынын жашоочуларына көйгөйлөрүн аныктоодо, аларды чечүү жолдорун иштеп чыгууда жана аларды чечүү үчүн тиешелүү кызыкдар тараптар менен катышууда колдоо көрсөтүү аркылуу биргелешкен жана инклюзивдик өнүгүү ыкмасын кабыл алат. Долбоордун түпкү максаты — 12 жылдан кийин долбоор жаңы конуштарында жашаган калктын аярлуу катмарынын жашоо шарттарын түз эле жакшыртпастан, жаңы конуштарынын жашоочулары менен бийлик органдарынын ортосундагы кызматташуу үчүн жагымдуу туруктуу шарттарды түзөт.

Швейцариянын “АРАКЕТ” долбоору  GFA Consulting group (Германия) уюму тарабынан Кыргызстандагы шериктеш жарандык уюмдары:  «Арыш» КБ, «Карылар үчүн ресурстук борбор» КБ, «Адам Укукуктары Эдвокаси Борбору» БУА;  «Айым баштайт (She starts)» КБ жана MSDSP KG ( Кыргызстандагы тоолуу жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасы )»  уюмдары менен өнөктөштүктө  ишке ашырылып жатат.