Т-Медиа телекомпаниясында айыл түптөлгөндөн бери чечилбей келген Эдельвейстин жолу көйгөйгү “Ачык талкуу” берүүсүндө. Анда Ош шаардык кеңештин депутаты, жол башкармалыгынын өкүлү, жүргүнчүлөрдү тейлөө бөлүмүнүн өкүлү жана Эдельвейстин тургуну катышты.
Талкуунун жүрүшүндө бир жарым чакырым жолго асфальт төшөө жана кеңейтүү иштери, коомдук унаа каттамдарын киргизүү көйгөйлөрү каралды.
Иш-чара «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарында турган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу» Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен кызматташууда жана жетекчилиги астында «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» тарабынан уюштурулду.