Ош облустук прокуратурасы, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабырлануучуга карата кыйноо фактыларын колдонгондугун аныктаган. Учурда прокуратура милиция кызматкерлерин жоопко тартуу үчүн материалдарды сотко жиберген.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын билдиришинче, окуя өткөн жылдын 22-октябрында болгон. Анда тергөөчүнүн буйругу менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын А.М.А. жана Б.Ж.О аттуу кызматкерлери жабырлануучуну Жазык-процесстик кодекстин ченемдерин бузуу менен милициянын имаратына алып келишкен.

«Жабырлануучуга күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн милиция кызматкерлери физикалык жана психологиялык күч колдонушкан. Башына кайра-кайра желим баштык кийгизүү сыяктуу ыкмалар болгон. Бул аракеттер тиешелүү экспертизанын корутундусу менен тастыкталган», — деп билдирди прокуратурадан.

Окуя боюнча жабырлануучунун апасы Оштогу Адам Укуктары боюнча Эдвокаси Борборуна кайрылган. Жактоочу Бакыт Мойдунов медициналык экспертизада арыздануучунун айткандары дал келип жатат деген корутунду чыгарышканын айтты.

«Биз прокуратурага милиция тарабынан ур-токмокто алынган деп арыз жазганбыз. Медициналык экспертизада арыздануучунун айткандары дал келип жатат деген корутунду чыгарышкан. Азыр сотко өткөрүлдү деген кагазды ала элекмин, ал мага документтештирилип келген эмес. Ал эми сотко чейинки териштирүү иштеринде биз организациянын атынан юридикалык көмөк көрсөткөнбүз», — деди Мойдунов.

Чогултулган материалдар кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестерине Кылмыш-жаза кодексинин (Кыйноо), (Мыйзамсыз эркинен ажыратуу), (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана (ыйгарым укуктарды ашкере колдонуу) беренелери боюнча каттоого алынган.

Мындан сырткары айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин бөгөт чарасы катары үй камагы тандалып алынган. Ошондой эле соттук териштирүү учурунда шектүүлөрдүн бардыгы кызмат ордунан бошотулган. Учурда сотко чейинки өндүрүш сотко кароо үчүн жиберилген.

Бул материал Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Макаланын мазмуну автордуку жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Даярдаган: Диана Омурзакова

Источник: t-media.kg