Ош шаардык бийлиги Черемушка кичи шаарчасындагы 128 жатакананы 9 кабат кылып кайра курууга каршы чыгып

Ош шаардык бийлиги Черемушка кичи шаарчасындагы 128 жатакананы 9 кабат кылып кайра курууга каршы чыгып жатат. Мунун айынан анда жашаган 200дөн ашык адам үйсүз калуу коркунучунда турушат. Жатакана тургундары жашоого мүмкүн болбой калган жатакана имаратынын ордуна көп кабаттуу үй салууга макул болгон инвесторду таап келишкен. Өз ара макулдашуудан кийин тургундар жатакана имараты бошотуп, эшик терезелерин, чатырын жана полун чыгарып, батирлерге көчүп кетишкен. Бирок курулуштун шарттарынды талаш жаралып, үйдү курууга шаар бийлиги уруксатын бербей турат. Буга жатакана тургундары Ош шаардык мэриясына нааразы болушууда. Аталган жатакананын домкому Зина Манасова “Биздин жатакана 3 жыл мурдагы зилзаладан жараксыз абалга келген. Ошого карабай жашап аттык. Эми өзүбүз инвестор таап, үйдү кайра курдуралы десек, шаар бийлиги буга тоскоолдук кылып атат” –деп билдирди.
Буга карата Ош шаардык мэриясында да өз жүйөлөрү бар. Шаар куруу жана муниципиалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Таирбек Муратов “Шаардык архитектура башкармалыгы тарабынан мурунку чийилген долбоор туура эмес” -деген пикирде. Анын айтымында жаӊы курула турган үйдүн долбоору кошуна үйлөргө коркунуч жаратат экен.
Бул арада 128 жатакананы кайра курууга белсенген жеке ишкер Мамасали Козуев жатакана тургундары үйдү курууга керектүү документтерди ырастап бергенге чейин курулушту баштай албай тургунын айтууда.
Учурда 128 жатакана тургундары үйлөрүн бошотуп,шаардын ар тарабынан батир алып чыгып кетишкен. Эки кабаттуу жатакананын чатыры, полу, эшик терезелери бузулган абалда курулуш токтоп турат. Буга нааразы болгон жатакана тургуну Гүлшайыр Маткеримова мэрия азркы абалда тура берсе Ош –бишкек жолун тосууга аргасыс экенин айтууда.