Өзбек бийлиги Баракка өтчү жолду бир тараптуу жапкандан кийин барактыктар Өзбекстандын үч облусун аралып, 400

Өзбек бийлиги Баракка өтчү жолду бир тараптуу жапкандан кийин барактыктар Өзбекстандын үч облусун аралып, 400 чакырым алыстагы Кызыл-Кыя өтмөгү аркылуу Карасууга кайрадан келишүүдө. Учурда баракта кары картаӊдар гана калышкан. Жаштардын негизги бөлүгү кыргызстанга келишип, тууган уругунда, тааныштарында же унааларда түнөп үй курууга жер издешүүдө. Буга Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Кубаныч Алимбеков сууга ыӊгайлуу адыр жеринен 18 гектар жер аянтын барактыктарга бөлүп бергенин айткан болчу.
Бирок буга Барактын туругуну Насиба Сулайманова таптакыр карама каршы маалыматты берип отурат. Анын билдиришинче Барактыктарга бөлүнгөн жер Ак-Таш айылынын тургундары менен талашка түшкөн. Ал кыргыз бийликтерин Барактыктарга үй курууга жер аянтын бөлүү боюнча чечкиндүү аракеттерге барышын талап кылууда.
Өзбекстандын анклавы болгон барак айылында 154 кожолук бар. Анда 950 адам жашайт.Өзбек бийликтери Сох анклавынан чыккан чырды чечүү үчүн Кыргызстандын Барак айылын кысмакка алып жаткандай. Анткени барактан анча алыс эмес жерде Досдук өтмөгү бар экенине карабай барактыктарды 400 чакырым алыстыктагы Кызыл-Кыя өтмөгүнөн гана өтүүгө жол беришүүдө. Ортодо барактыктар эки тараптын кысымында калышууда.