21 июнь күнү Бишкек шаарында №27 кесиптик-техникалык лицейинин базасында 5 кесиптик лицейлерине окуу жабдууларын салтанатту

21 июнь күнү Бишкек шаарында №27 кесиптик-техникалык лицейинин базасында 5 кесиптик лицейлерине окуу жабдууларын салтанатту өткөрүп берүү аземи болуп өттү. Бул жабдуулар Европа Бирлиги тарабынан каржыланып жаткан МЭАУнун Кыргызстандагы кесиптик-техникалык системасын өркүндөтүү боюнча долбоорунун алкагында белгиленген окуу жайлардын базасында жаңы кесиптерди жайылтуу максатында өткөрүлүп берилди. Ошондой эле, жаңы кесиптерди жайылтуу үчүн бардык пилоттук кесиптик лицейлеринде окуу класстары жана устаканалары ремонттолду.
Салтанатту аземде Кыргыз Республикасындагы Европа Бирлигинин Өкүлдүгүнүн жетекчиси, МЭАУнун Борбордук Азия боюнча координатору – Деян Кесерович, пилоттук кесиптик лицейлердин директорлору, тиешелүү министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери, коомдук секторлорунун өкүлдөрү жана жумуш берүүчүлөр катышты. Салтанатту аземде ыйгарымдуу өкүлдөр чыгып суйлөп жана ремонттолуп-жабдууланган бөлмөлөр менен таанышып чыгышты.
«Европа Бирлиги Кыргызстандагы кесиптик-техникалык билим-берүү системасын өркүндөтүүдө дайыма көмөктөшүп келген.
Бул долбоор – экономикалык өнугүүнүн негизги катализатору болгон, мамлекеттеги эмгек ресурстарынын потенциалын күчөтүү боюнча дагы бир алдыга жазаган кадамы. Биз Кыргызстандагы кесиптик-техникалык билим-берүү системасын реформалоо аракеттери жумшалып жаткандыгын байкап, кубаныч менен кабыл алабыз» — деп белгиледи Кыргыз Республикасындагы Европа Бирлигинин Өкүлдүгүнүн жетекчиси – элчи Шанталь Эбберехт.
«Учурда эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгү күч алган сайын, эмгек миграциясын жөнгө салуу маселелери да күндөн күнгө орчундап келет. Ал эми кесиптик-техникалык билим-берүү системасы эмгек миграциясын жөнгө салууда эң негизги компонент, жана ошондой эле мигранттардын тышка чыгып кетээрине чейинки баскычтагы алардын адамдык укугун коргоочу интсруменнтердин бири болуп эсептелет. Ушул принциптерге таянуу менен бирге, МЭАУ Кыргызстандын Өкмөтүнө кесиптик-техникалык билим-берүү системасын өркүндөтүү боюнча көмөк көрсөтүп, ошол эле учурда Кыргызстанга эмгек миграциясын жөнгө салуу максатында өз салымын кошуп келет» — деп ишендирди Деян Кесерович – МЭАУнун Борбордук Азиядагы координатору.
«Ушул жылдан тартып долбоордун жардамы менен жаңы адистиктер боюнча окутуу чаралары башталды: Талас шаарынын №6-чы кесиптик лицейинде «продуктыларды жана сырьёлорду аярдоочу», Каракол шаарынын №14-чү кесиптик лицейинде «кровельщик», Ош шаарынын №16-чы кесиптик лицейинде «автоэлектрик», Кызыл-Кыя шаарынын №8 кесиптик лицейинде «автокрановщик» жана Бишкек шаарынын №27 кесиптик лицейинде «автослесарь» кесиптери боюнча окутуу курстары киргизилүүдө. Белгилей кетчү нерсе, бул курстардын баардыгы кыска мөөнөттүү болуп, окутуу 6 айдан ашпайт. Ошондуктан учурдагы Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө керектелген адистерди даярдоочу кыска мөөнөттүү курстарды тааныштыруу багытындагы ийгиликтүү тажрыйба биздин стратегиялык максаттарга жана маселелерге дал келет» — деп белгиледи Таалайбек Чолпонкулов – кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттигинин директору.
Кыргызстандагы кесиптик-техникалык билим-берүү системасын өркүндөтүү боюнча долбоору Европа Бирлиги тарабынан 80% каржыланып, 20% каржы МЭАУнун Өнүктүрүү Фондунан которулду. Долбоордун шериктештери – «Айкөл» коомдук уюму (г. Талас) жана «Благодать» коомдук фондусу (г. Ош).
Долбоордун максаты – Кыргызстандын кесиптик-техникалык билим-берүү системасын өркүндөтүүдө эң алдыңкы стратегиялык башкаруу ыкмаларын тааныштыруу менен бирге, өнөктөштүктү күчөтүү, калкты кесиптик-техникалык билим- берүү системасына кызыктыруу, жана ошондой эле ички жана тышкы эмгек рынокторунун талабына жооп берген адистерди даярдоого жөндөмдүү системаны уюштурууга көмөктөшүү.