Ош шаарынын №14 К.Алтыбаева атындагы орто мектептин жетекчилиги менен мектеп мугалимдери арасында чыккан чатак токтобой

Ош шаарынын №14 К.Алтыбаева атындагы орто мектептин жетекчилиги менен мектеп мугалимдери арасында чыккан чатак токтобой келет.
Чатак аталган мектептин мугалими мектеп Дилярам Джолбодуеванын ошол эле мектепте окуган тууганыны айынан чыккан. Дилярам Джолдубаева учуда мектеп жетекчилигин билим берүү менен эмес, жамаат ичинде мугалимдерди бирин-бирине кайаштыруу менен алектенип келет деп айыптоодо. Ал мектептеги абал боюнча КРнын билим берүү министрлигине жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгана арыз менен какйрылган. Бирок алардан азырынча жооп ала элек.
Мектеп муггалими Дилярам Джолдубаеванын айтымында мектеп жетекчилиги ага карата «хорошо постаралась» дешсе, кай бир мугалим «Сен дагы деле эч нерсени түшүнбөдүнбү? Сен бизди жадаттын озундун чынчылдыгын менен, сенин колуӊдан бары бир эч нерсе келбейт. Бул мектепте биздин сөздү сүйлөгөн гана адам иштейт» -деген сөздөрдү айтышкан.
Учурда Дилярам эмгек өргүүсүндө жүрөт. Өлкөнүн билим берүү башкармалыгына берген каттарына жооп күтүүдө. Өз жамаатынын запкысын жеген мугалимге Адам укуктары боюнча «Эдвокаси борбору», «Адилет» укуктук клиникасы жана «Благодать» коомдук фонду укуктук жактан жардам көрсөтүүдө.