Бул тууралуу Ош шаарынын тургуну Галина Журавлева адам укуктары боюнча «Эдвокаси борборуна» келип өз нааразылыгын

Бул тууралуу Ош шаарынын тургуну Галина Журавлева адам укуктары боюнча «Эдвокаси борборуна» келип өз нааразылыгын билдирди. Анын айтымында ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү орун алган мүрзө учурда таштанды таштоочу жайга айланган. Эстелик катары коюлган темирлер, түстүү металдар уурдалып кеткен. Жакын жерде жашагандар мазар аймагын мал жайытына айлантып жиберишкен.
Бул мүрзө Ош шаарынын Алиев көчөсүндө жайгашкан.  Анда негизинен советтик доордун өкүлдөрү коюлган. Алардын урпактары шаарда аз калышкан. Анткени көпчүлүгү Орусия жана Европа өлкөлөрүнө көчүп кетишкен.
Галина Журавлеванын айтымында мүрзөнүн абалынан шаар бийлиги, аймактык кеӊештин төрагалары, кала берсе диний мекемелердин жетекчилиги да кабардар экен. Бирок алардын бири да эски мүрзөнү сактап калууга аракет жасабай келишет.