Ошто өткөн жылдан бери «Мумтаз-Центр» коомдук фонди иштей баштаган. Фонд жетекчиси Рано Юсипованын айтымында уюмдун

Ошто өткөн жылдан бери «Мумтаз-Центр» коомдук фонди иштей баштаган. Фонд жетекчиси Рано Юсипованын айтымында уюмдун негизги максаты мамлекеттик тейлөөлөрдү жакшыртууга багытталган. Анда элди таза суу менен камсыздоо, тазалык жана социалдык коргоо боюнча конкреттүү иштер жүргүзүлөт.
Аталган уюмдун карамагында маалымат борбору да ишке киргизилген. Июнь айынан баштап, «ыймандуу керектөөчүлөр жана таза башкаруу аркылуу Ош шаарында таза суу, тазалык жана социалдык коргоо» долбоору иштей баштады. Долбоор Сорос Кыргызстан фондунун колдоосу менен ишке ашууда.
Фонд жетекчиси Рано Юсипованын айтымында долбоордун алкагында мамлекеттик тейлөөчү менен колдонуучунун ортосунда келишимдик негизде кызмат көрсөтүү ыкмасы киргизилет.