Ош шаарында “Аракет” долбоорунун алкагында максаттуу конуштарда Нооруз майрамы белгиленди. Майрамдык иш-чаралар бир нече аймакта уюштурулуп, жергиликтүү тургундардын катышуусу менен өттү.
Иш-чаранын негизги максаты жамааттардын биримдигин чыңдоо, тургундардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатуу болду.
Майрамдын жүрүшүндө сүмөлөк кайнатылып, улуттук тамак-аштар даярдалды. Ошондой эле ыр-бий коштогон концерттик программа жана улуттук оюндар уюштурулуп, катышуучуларга майрамдык маанай тартууланды.
“Аракет” долбоору Ош шаарындагы төрт аймакты камтыйт: Алымбек Датка аймагындагы Алай-1, Алай-2 жана Эдельвейс конуштары, ошондой эле Манас-Ата аймагындагы үй-бүлөлүк жатаканалар.
Нооруз майрамы 26-мартта Манас-Ата аймагындагы үй-бүлөлүк жатаканаларда башталып, 27–28-март күндөрү Алай-1 жана Алай-2 конуштарында уланды. 4-апрелде Эдельвейс конушунда өткөрүлгөн иш-чара менен жыйынтыкталды.
Жалпысынан иш-чараларга 350гө жакын жаран катышып, майрам жергиликтүү жамааттарды бириктирген маанилүү окуя болду.



















