2026-жылдын 23-апрелинде Ош шаарында «Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштардын жашоо шартын жакшыртуу долбоорунун» алкагында «Финансылык сабаттуулук» боюнча бир күндүк тренинг өткөрүлдү.
Окутууга Манас Ата аймагындагы үй-бүлөлүк жатакананын жашоочулары, ошондой эле Алай-1, Алай-2 жана Эдельвейс конуштарынын тургундары, кварталдык комитеттердин өкүлдөрү, жергиликтүү лидерлер жана активисттер катышты.
Окуу программасынын алкагында катышуучулар үй-бүлөлүк бюджетти түзүү, каражат топтоо жана инвестициялоонун негиздери боюнча маалымат алышты. Ошондой эле банктык аманаттар, кредиттик продуктылар жана ислам каржылоо принциптери тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Мындан тышкары, электрондук финансылык кызматтарды колдонуу жана финансылык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланып, практикалык көнүгүүлөр аркылуу бекемделди.
Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар топтук иштерге активдүү катышты. Тренингдин жыйынтыгында алар алынган билимдерди пайдалуу деп баалап, жаңы конуштарда финансылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгилешти.












