2026-жылдын 21-майында Ош шаарында Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен жаңы конуштардын тургундарынын жолугушуусу өттү.

Иш-чаранын максаты жаңы конуштардагы негизги социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү депутаттарга түз жеткирүү, жарандар менен жергиликтүү бийликтин ортосунда ачык диалог түзүү жана маселелерди биргелешип чечүү боюнча кызматташууну күчөтүү болду.

Жолугушууга Ош шаардык кеңешинин депутаттары, фракция жана комитет төрагалары, ошондой эле Манас-Ата аймагынан жана Алай 1, Алай 2, Эдельвейс жаңы конуштарынын тургундары, активисттери жана кварталдык комитеттердин өкүлдөрү катышты. Жалпысынан 30дан ашуун активист катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы конуштардагы негизги көйгөйлөр боюнча айтылды. Тургундар таза суу, агын суу системалары, ички жолдор, көчөлөрдү жарыктандыруу, балдар аянтчалары, электр мамычалары жана трансформаторлор, маршруттук каттамдар, мектеп жана бала бакча маселелери, жол белгилери, таштанды чыгаруу, жер маселелери, муниципалдык жана социалдык кызматтар боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Катышуучулар мындай жолугушуулар жаңы конуштардагы көйгөйлөрдү чечүүдө өз ара кызматташууну күчөтүүгө жана диалог аянтчаларын натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.