Ош шаарындагы Манас-Ата аймактык башкармалыгында коомдук кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумда «Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштардын жашоо шартын жакшыртуу» долбоорунун алкагында курулган балдар ойноочу аянтчалардын абалын көзөмөлдөө, бузулган жерлерин оңдоо жана аянтчалардагы таштандыларды тазалоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле жатаканалардын айланасын таштандылардан тазалоо, аймактын тазалыгын сактоо, долбоордун алдыдагы иш-чараларына даярдык көрүү жана тургундардын күнүмдүк жашоосуна байланыштуу башка актуалдуу маселелер каралды.
Коомдук кеңештин отуруму аймактагы көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу, таза чөйрөнү түзүүгө багытталды.





