2026-жылдын 21–22-октябрь күндөрү «Аракет – Кыргызстандагы жаңы конуштардын жашоо шартын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Ош шаарынын Алай-1, Алай-2, Эдельвейс жаңы конуштарында жана «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында акысыз көчмө консультациялар өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – жаңы конуштардын тургундарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана актуалдуу маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү.
Консультациялардын жүрүшүндө жарандарга юридикалык жардам, социалдык камсыздоо, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо, жер мунапысы, шаар куруу жана архитектура маселелери боюнча акысыз кеңештер берилди. Тиешелүү тармактардын адистери тургундардын суроолоруна жооп берип, колдонуудагы тартиптер жана кызматтарды алуу жол-жоболору боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти.
Иш-чаранын негизги натыйжалары:
• Төрт жаңы конуштун тургундарына керектүү адистерден жеринде акысыз консультация алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
• Жарандар юридикалык, социалдык жана жер маселелери боюнча маалымат алышты.
• Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алуу тартиби боюнча тургундардын маалымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүлдү.
• Калктын муктаждыктарын жеринде аныктоого жана тиешелүү маселелер боюнча багыт берүү иштерине шарт түзүлдү.
Көчмө консультациялар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды калкка жакындатууга, жарандардын укуктук жана социалдык маселелер боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.












